Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы бухгалтеринин орун басары кармалды

УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылган учурунда Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы бухгалтеринин орун басары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

375d45da abde 47c2 a2c5 8ff4d90ec3ce Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы бухгалтеринин орун басары кармалды

Маалыматка караганда, Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы бухгалтеринин орун басары УКМКнын ыкчам кызматкерине 20 миң сом өлчөмүндө пара берүүгө аракет кылып жаткан жеринен М.С.Ш. кармалган.

Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.