Temirov LIVE каналынын журналистинин Телеграмдагы аккаунтуна чабуул жасалды

Temirov LIVE каналынын журналисти Актилек Капаров Телеграмдагы аккаунтуна чабуул болгонун билдирди.

Бул тууралуу 22-апрелде “Фейсбукка” жазып, бир учурда эки жактан бузуп кирүү аракети болгонун кабарлады. Журналист аккаунтуна жасалган чабуул жөнүндө Телеграмдан келген эскертүүнү кошо жарыялады.

Актилек Капаров билдиргендей, буга чейин да анын аккаунтун бузууга аракет жасашкан. Ал муну кимдер жасап жатканын анык билбей турганын, бирок болжол менен күч органдарынын кызматкерлери болушу мүмкүндүгүн айткан.