Эрназар Акматалиев күмүш медалга ээ болду

FS 70kg Ernazar AKMATALIEV (KGZ)

Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилигинде эркин күрөш балбаны Эрназар Акматалиев күмүш медаль тагынды.

70 кг салмактагы Эрназар Акматалиев чейрек финалда индиялык Навин Навинди 6:3 эсебинде, жарым финалда монголиялык Темулен Энцтуйаны 12:6 эсебинде утуп алган.

Финалда япониялык Тайши Нарикуни менен күрөшүп, 4:3 эсебинде жеңишти алдырып жиберди.