Кыргызстандык балбандар Азия чемпионатында төрт медаль алды

Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбандар Астанада өткөн Азия чемпионатында төрт медаль утту. Бул тууралуу Күрөш федерациясынан билдиришти.

Аталган мелдеште Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг) алтын, Алмаз Сманбеков (57 кг) күмүш, Улукбек Жолдошбеков (65 кг) менен Орозобек Токтомамбетов (70 кг) коло байге тагынган.

Эскерте кетсек, Астанада 9-14-апрелде грек-рим, кыз-келиндер жана эркин күрөш боюнча Азия биринчилиги болуп өттү.