Бүгүн Азия чемпионатында Айсулуу Тыныбекова күч сынайт

Бүгүн, 12-апрелде Астанада өтүп жаткан Азия чемпионатында кыргызстандык төрт балбан кыз күрөшөт.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештин экинчи күнүндө Айсулуу Тыныбекова, Бермет Нурдин кызы, Дилназ Сазанова жана Нурзат Нуртаева күч сынашат. Беттештер саат 12:00до башталат.

57 кг (чейрек финал)

Бермет Нурдин кызы – Ёнжин Квон (Корея)

62 кг (чейрек финал)

Айсулуу Тыныбекова — Дилфуза Айымбетова (Өзбекстан)

65 кг

1-айлампа

Махиро Йошитаке (Япония) — Дилназ Сазанова

3-айлампа

Дилназ Сазанова — Албина Кайргелдинова (Казакстан)

72 кг (чейрек финал)

Ритика (Индия) — Нурзат Нуртаева