“Хизбут-Тахрир” ДЭУнун Ош облусунун аймагындагы жетекчилери кармалды

“Хизбут-Тахрир” ДЭУнун Ош облусунун аймагындагы жетекчилеринин диверсиялык аракеттерине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Экстремисттик топтордун аракеттерин аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Ош областынын аймагында “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун жетекчилеринин диверсиялык иш-аракеттерине бөгөт коюлду.

“Хизбут-Тахрир” ДЭУнун жетекчилеринин жашаган жерлеринде жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө диний адабияттар, брошюралар (“Хизбут-Тахрир” ДЭУ тарабынан чыгарылган), СД дисктери (10 даана), флеш-карта, планшеттер (2 даана), телефон аппараттары (5 даана) табылып алынды, алар диний экспертизага жөнөтүлөт. Анын жыйынтыгы боюнча айыптоо чаралары каралат. 

Учурда “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун мүчөлөрүнүн жана тарапташтарынын мыйзамсыз иш-аракеттерин аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларынын комплекси улантылууда.

88 “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун Ош облусунун аймагындагы жетекчилери кармалды