Өлкө башчы Азия — Тынч океан суу саммитинин катышуучуларына видео кайрылуу аркылуу сөз сүйлөдү

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-апрелде «Суу жана туруктуу өнүгүү — жаңы муун жана мыкты практикалар» аттуу Азия — Тынч океан суу саммитинин катышуучуларына видео кайрылуу аркылуу сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысынын сөзүнүн толук текстин келтиребиз:

«Урматтуу Саммит төрагасы!

Урматтуу айымдар жана мырзалар!

Саммиттин бардык катышуучуларына салам жолдоп, сөз сүйлөп жатканыма кубанычтамын!

Япониянын урматтуу премьер-министри Фумио Кисида мырзага дүйнөлүк маанидеги маңыздуу иш-чарага чакырганы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем.

Кыргызстан саммиттин максатын толугу менен колдойт жана бул саммит туруктуу өнүгүү кызыкчылыгында бүгүнкү күндөгү суу ресурстары жаатындагы көйгөйлөрдү чечүүгө салым кошот деп үмүт артат.

Мен Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу өнүктүрүү максаттарындагы милдеттенмелерге толугу менен берилгендигин ырастагым келет.

Белгилей кетсек, коронавирус пандемиясы Кыргызстандын өнүктүрүү максаттарын өз убагында ишке ашыруусуна терс таасирин тийгизди.

Учурда пандемия көзөмөлгө алынып, адамзат акырындык менен кадимки жашоого кайтып келе жатканда, мен дүйнө коомчулугун 2030-жылга чейин бардык жарыяланган максаттарга жетүү үчүн жамааттык аракеттерди активдештирүүгө чакырам.

Урматтуу айымдар жана мырзалар!

Кыргызстан — Борбор Азиянын суу ресурстарынын башатында турган бийик тоолуу өлкө. Климаттын өзгөрүшү — биздин уникалдуу жаратылышыбыз үчүн, өзгөчө, көп кылымдык мөңгүлөр үчүн өтө олуттуу коркунуч.

Акыркы жылдары мөңгүлөрдүн эриши жана кыш мезгилинде кардын аз жаашынан улам, Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан дагы суу ресурстарынын кыскарышынын натыйжасындагы бардык кесепеттерди азыртадан эле баштан кечирүүдө.

Калк муктаждыктары менен айыл чарба муктаждыктары үчүн суу тартыштыгы байкалып, жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна, азык-түлүк коопсуздугуна жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө коркунучтар күчөдү.

Өз кезегинде биз бул терс таасирлерди азайтуу үчүн бир катар чараларды көрүп жатабыз. Кыргызстанда Япониянын жана башка эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен айыл калкынын ичүүчү сууга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган „Таза суу“ программасы ийгиликтүү ишке ашырылып жатат.

Айыл чарбасына ирригациянын алдыңкы технологиялары киргизилип, модернизациядан өтүп, суу инфраструктурасынын жаңы объектилери ишке киргизилүүдө.

Кыргызстандын демилгеси менен өткөн жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын „Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы“ жана ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын „Тоо мөңгүлөрүнө мониторинг жүргүзүү жана изилдөөнү кеңейтүү“ резолюциялары кабыл алынган. Алар тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө жана экосистеманы коргоого, миллиондогон адамдардын социалдык-экономикалык жашоо-шарттарын жакшыртуу боюнча көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган.

Аларды ишке ашыруу максатында Кыргызстанда 2022-жыл — „Тоо экосистемаларын коргоо жана климаттын туруктуулугу жылы“ деп жарыяланып, республикалык деңгээлдеги иш-чаралардын жол картасы кабыл алынган.

Мындай иш-чаралардын бири — жалпы улуттук „Жашыл мурас“ өнөктүгү. Анын алкагында климаттын өзгөрүшүнө бөгөт коюу жана суу ресурстарын үнөмдөө багытында республика боюнча алты миллион көчөт отургузуу пландалып, ишке ашырылууда.

Саммиттин урматтуу катышуучулары!

Сөзүмдүн аягында Кыргызстан Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүгө багытталган комплекстүү иш-чараларын уланта берерин белгилегим келет.

Ошондой эле биз эл аралык жигердүү кызматташууга ачыкпыз жана даярбыз. Анткени биргелешкен күч-аракеттин аркасында гана Туруктуу өнүгүүнүн бардык максаттарын ишке ашырууга жетише алабыз!

Көңүл бурганыңыздар үчүн ыракмат!».