Арсалан Будажапов Азия чемпионатында коло медаль алды

Кыргызстандык балбан Арсалан Будажапов Монголиядагы эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында коло медаль тагынды.

Үчүнчү орун үчүн күрөштө Будажапов (79 кг) түркмөнстандык Гурбанмурат Овезбердиевге каршы килемге чыккан. Бирок түркмөнстандык балбан күрөшпөй турганын билдиргенде жеңиш кыргыз балбанына берилди.

Арсалан Будажапов турнирдин башында кореялык балбанды утуп, финалга чыкчу кармашта индиялык спортчуга жеңилип калган.

Азия чемпионатында Кыргызстандын грек-рим, кыз-келиндер жана эркин күрөш боюнча спортчулары жалпы 11 медаль багындырышты.