Азия чемпионатында Эрназар Акматалиев финалга чыкты.

FS 70kg Ernazar AKMATALIEV (KGZ)

Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында Эрназар Акматалиев финалга чыкты.

Акматалиев Мелдештин чейрек финалынан баштап катышып, индиялык спортчуну 6:3 эсебинде жеңип алган.

Ал эми жарым финалда монголиялык Темуулен Энхтуя менен кез келип 12:6 эсебинде артта калтырды.

Финалда кыргызстандык балбан япониялык спортчу Таиши Нарикуниге каршы күрөшөт.