
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабаралашты.
Маалыматта айтылгандай, Лейлек районунун Сары-Дөбө айылындагы «Сары-Дөбө» орто мектебинде өрт чыгып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрт өчүрүүгө аймактагы Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылып, жалпы аянты 270 чарчы метрге жеткен өрт саат 03:35те чектөөгө алынып, таңкы саат 05:30да толугу менен өчүрүлдү.
Тилсиз жоонун кесепетинен мектептин 2 каанасы, коридор, чатыры жана 2 класстык кааананын айрым жерлери күйгөн. Азыркы тапта өрттүн себеби жана материалдык чыгым такталууда.
Өрттөн жабыркагандар жок.