Кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова Монголиядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатында күмүш байгеге татыды.
Жуманазарова жарым финалда кыргызстандык спортчу монголиялык Делгерма Энксайхан менен күчүн сынап, 7:2 эсебинде атаандашын уткан.
Алтын үчүн кармашта казакстандык Мадина Бакбергенова каршы чыгып, 2:3 эсебинде жеңилүү ызасын тартты.