Мадумаров карызга алынган акчалар “АРИС” программасы аркылуу ишке ашаарын сынга алды

Бүгүн, 18-апрелде Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Бүткүл дүйнөлү банктан Баткенди өнүктүрүү үчүн насыя алуу боюнча маселе каралып жатат.

Анда Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров карызга алынган акчалар “АРИС” программасы аркылуу ишке ашаарын сынга алып, бул насыя алууну колдобой турарын билдирди.

«Эмне үчүн АРИСти коюп жатасыңар. Бул жерде асфальт басабыз, мектеп, бала бакча салабыз деп жатасыздар, АРИСтин эмне жумушчалары барбы?

Ушу трибунадан «АРИСтин курамында мыкты адистер бар» деп айтып турганыңыз уят… Өкмөттүн курамында эмне жалаң шалтуруктарбы, же жалаң сабатсыздарбы?», — деди Мадумаров.