Президентке кайрылуу. Лейлек районунда суу жоктугунан улам эгиндер куурап жатат

Баткен облусунун Лейлек районунда суу жоктугунан улам эгиндер куурап жатат. Бул тууралуу дыйкандар видео кайрылуусунда айтышты.

Алардын айтымында, жазында талаага эккен эгиндерин Өзбекстандан насыя катары алышкан.

“Урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевич! Мына быйылкы жылы өзүңүздөр көрүп жатасыздар Лейлекте, анын ичинде Жаңы-Жер айыл аймагында суу жок. Ушул жагдайды карап берсеңиздер. Биз район акими, губернаторго чейин кайрылдык.

Бирок эч кандай жыйынтык чыкпай жатат. Ушул көйгөйдү чечип берсеңиз жакшы болот эле. Биз кургакчыл аймактабыз, анан суубуз дагы жок болгондуктан келечегибиз жоктой эле сезилип жатат. Урматтуу айыл-чарба министри, биз сизди тааныбайбыз дагы да, келип элдин дагы көйгөйүн көрүңүздөр“, – деди алардын бири.

Урматтуу Садыр Жапаров, сиз биринчи келгениңизде “Баткен менин жүрөгүмдө турат” деп айткансыз. Биз ошондо көйгөйлөрүбүздү, анын ичинде насос жөнүндө айтканбыз. Биз ушуну эле карап турабыз. Азыр апрель айы болду, биздин буудайыбыз кургап калды. Насосубуздун кебетеси бул, иштебейт. Биз март айында эле суу алышыбыз керек эле. Буудайларды Өзбекстандан насыяга алганбыз. Эми эмне кылышыбыз керек? Көчүп кетишибиз керекпи? Ансыз деле эл көчүп кетип жатат”, – деди чогулган дыйкандардын бири.

YouTube video