Бишкектин айрым жерлеринде эртең ичүүчү суу убактылуу жок болот

Эртең, 19-апрелде, Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу убактылуу жок болот. Бул тууралуу “Бишкексууканал” башкармалыгынан билдиришти.

Саат 9:00дөн 21:00гө чейин Л.Толстой, Гагарин, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Муромская, Циолков, Фрунзе, Өмүр, Алыкулов, Ахунбаев, Көк-Жайык, Тоугарт көчөлөрүндө, “Рабочий городок”, “Институт земледелия” жана Ак-Ордо, Ак-Өргө, Теңир-Тоо конуштарында суу жок болот.

Таза суу шаар түтүктөрүндөгү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу өчүрүлөт.