Алмазбек Атамбаев Молдовановкага которулду

Бүгүн, 18-апрелде абактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Молдовановка айылында жайгашкан түзөтүү колониясына которулду. Бул тууралуу УКМКнын 9-кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Буга чейин Алмазбек Атамбаев Петровка айылындагы №8 түзөтүү колониясына которууну суранган.

23-мартта Алмазбек Атамбаевди суукта ич кийимчен күч менен алып келингенин жактоочусу билдирген.