Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов Монголиядагы Азия оюндарына бара албай жатат, – депутат

Жогорку Кеңеште 14-апрелдеги жыйынында депутат Шайлообек Атазов кыргызстандык балбандар Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов Монголиядагы Азия оюндарына бара албай жатканын билдирди.

«Финансы министрлиги Олимп оюндарынын күмүш медалдарынын ээлеринин билетине акча которбой жатат.

Бул ошол министрликтеги кыргыз спортун түшүнбөгөн адистердин айынан болуп жатат. Алар болсо «фонд ачып, акчаны элден топтоп барбайсыңарбы» деп айтып жатышыптыр. Бул эмне деген мамиле?», — деди депутат.

YouTube video