Аял киши милиция кызматкерин сүзүп кетти

Бишкекте Ford Mondeo үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу (аял киши) милиция кызматкерин сүзүп алды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 14-апрелде саат 9:30дар чамасында Гагарин көчөсүндө болгон.

Жабыркаган Ленин райондук милициясынын кызматкери ооруканага жеткирилгени кошумчаланды.

Окуя болгон жерде кайгуул кызматкерлери иш алып барууда.