“Садырды чыгарган балдардын колдорунан өбүш керек”, – Алмазбек Атамбаев

Бүгүн, 11-апрелде 2020-жылдын 5-6-9-октябрындагы жапырт башаламандык боюнча соттук отурум уланууда.

Экс-президент кайрадан отурган жеринин айнегин буту менен ургулады.

“Бул бийлик алыска барбайт, тарыхта мындай адилетсиз бийлик биринси жолу болуп жатат. Соке коркконунан кеткен. Ошол Садырды чыгарган балдардын колдорунан өбүш керек”, – деди камактагы мурунку президент.

Ал айнекти тебе баштаганда соттук отурумдун талабына жооп бербегендиги үчүн аны канвойлор кайрадан алып кетишти.

Эске салсак, Бишкектин Биринчи май райондук соту 2020-жылы октябрь айындагы окуялар боюнча ишти 2021-жылы 8-октябрда карай баштаган. Кылмыштын алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана окуяга катышкан Фарид Ниязов, Жеңиш Молдокматов, Курсан Асанов баштаган бир нече киши айыпталууда.