Чүйдө турак үйдөн өрт чыгып, жанында жайгашкан гараж толугу менен күйүп кетти

Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-апрелге караган түнү саат 2:22 чамасында Чүй районуна караштуу Искра айылынын Центральная көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн бир бөлмөсү жана ага жанаша жайгашкан гараж толугу менен күйүп кеткен.

Ал эми гараждын ичиндеги “BMW-525” үлгүсүндөгү унаанын капот бөлүгү күйгөн. Өрт түнкү саат 2:50дө чектөөгө алып, толугу менен 03:45те өчүрүлгөн.

Өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан чыккан. Жабыркагандар жок.