Улан Ниязбеков: “Ар бир жаран өзүн коопсуз сезип, күнүмдүк жашоо шартында коркунучу жок аймакта жашоого укуктуу”

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

2022-жылдын 11-апрелинде ички иштер министри Улан Ниязбеков коомдук коопсуздук чараларынын аткарылышы, кылмыштуулуктун алдын алуу, коомдук тартиптин сакталышы багытында көрүлүп жаткан ыкчам чаралар туурасында онлайн кеңешме өткөрдү.


Жогоруда аталган маселелер боюнча ИИМдин кызматтары менен башкармалыктарынын жана шаардык жана облустук жетекчилердин ушул багыттагы ишмердүүлүктөрү кеңири талкууланды. ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков онлайн чогулуштун жүрүшүндө жогоруда белгиленип өткөн учурлардын негизинде бир катар тапшырмаларды коюп, аны кынтыксыз аткаруу керек экенин белгиледи.


Чогулуштун жүрүшүндө Улан Ниязбеков ар бир жаран өзүн коопсуз сезип, күнүмдүк жашоо шартында коркунучу жок аймакта жашоого укуктуу экенин билдирди. “Коопсуздук шарттарын жер-жерлерде түзүп, ыкчам сервистик тейлөө сапатынын баркын жогорулатуу үчүн кайгуул кызматтарын, жол кыймылынын коопсуздугунун бөлүктөрүн күнү-түнү коомдук жайларга, көчөлөргө, эл көп чогулган аймактарга, унаа өтүүчү кооптуу участокторго чыгарып, алардын иштөөсүнө шарттарды түзүңүздөр.


Айыл өкмөттөр, айыл башчылары, кварталдык комитеттер, социалдык бөлүмдөр, чек ара кызматы, өзгөчө кырдаалдар бөлүктөрү, айдоочулар биримдиги жана жарандык коом менен биргеликте элге түшүндүрүү иштерин күчөтүп, укук бузууларды жана ар түрдүү кырсыктарды алдын алуу боюнча сервистик тейлөө иш-чараларын жүргүзүңүздөр.
Элди сервистик тейлөө, санарип ыкма менен кылмыштын бетин ыкчам ачуу, издөөдө жүргөндөрдү жеринде аныктоо, күжүрмөн техникалар, планшет, боди-камера, ылдамдыкты өлчөөчү жаңы радар, радио-активдүүлүгү жогору байланыш каражаттары аркылуу ар түрдүү укук бузууларга бөгөт коюу боюнча иштерди аткарып, элге кызмат көрсөтүүчү “Бирдиктүү терезе” түйүндөрү жана башка жаңы технологиянын катарын толуктаган каражаттарды колдонуп, коомчулукту коргоо, эл арасындагы тартипти сактоо, жарандарга сапаттуу кызмат кылуу багытында ишмердүүлүктү мында ары да өркүндөтөбүз.
Ар бир шаардык жана облустук деңгээлдеги жетекчилердин милдеттери менен жоопкерчиликтери шайкеш келиши керек. Элге бирди айтып, иш үстүндө башканы жасап, өздүк курамга көңүл бурбай, таалим-тарбия иштерин солгундатып жиберген жетекчилерге карата жакынкы арада тартиптик жазалар берилет”,-деди Улан Ниязбеков.
Бүгүнкү аппараттык кеңешменин жыйынтыгы менен 4 багыттан турган нускамалык тапшырмалар коюлду.
Биринчи нускама: Элдин коопсуздугун камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, жол кыймылынын коопсуздугун сактоо, жардам сурап кайрылган бардык жарандарга реалдуу жардам көрсөтүп, жеринде сервистик тейлөө иштерин күчөтүү боюнча иш-чаралар колго алынсын.
Ар бир жетекчи элди тейлөөнүн сапатын мындан ары жакшыртуу боюнча кошумча иш-аракеттерди жүргүзсүн. Көчөлөргө, коомдук жайларга, эл көп чогулган аймактарга күнү-түнү кайгуул иштери жүргүзүлүп, кылмыштарга, укук бузууларга жол берилбесин.
Милициянын көчмө кабылдамалары эл менен тынымсыз түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзсүн. “102” телефонуна келип түшкөн чакырууларга ыкчам-тергөө топтору ыкчам чыгып, кылмыштарга жана укук бузууларга жеринде бөгөт коюу иштерин алып барсын;
Экинчи нускама: Элдин турмуш-тиричилик жана социалдык-экономикалык абалына терс таасирин тийгизген бардык учурларга бөгөт коюлсун.
Азык-түлүктөргө, күнүмдүк керектөөлөргө болгон баалардын туруксуздугун өз кызыкчылыгына пайдаланып “жасалма дүрбөлөң салып, пайда табам” деген адамдарды аныктап, жоопко тартуу иштери каралсын.
Коомчулук арасында орун алган актуалдуу маселелер, анын ичинде экономикалык каатчылыкка турукташтык берүүгө баардык чаралар каралгандыгы боюнча эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.


Учурда “Антикризистик штаб” иштеп жатат, эч кандай кооптонууларга негиз жок экендиги, кампаларда биринчи азык болуп эсептелген ун, буудай, май, кумшекер жана башка керектөөлөр жетиштүү түрдө даяр тургандыгы, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого мамлекет тарабынан тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Тигил же бул туура эмес маалыматтарга ишенбей, ар түрдүү алдамчылыктарга кабылуудан алыс болуу керектиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн;


Үчүнчү нускама: 2022-жылдын 1-чейрегин ийгиликтүү жыйынтыктоо үчүн жана алдыга коюлган максаттарга жетүү боюнча тиешелүү иш-аракеттер көрүлсүн.
Алдыда келе жаткан туристтик сезонго даярдык көрүү, жай мезгилинде эс алуучулардын коопсуздугун тиешелүү деңгээлде камсыздоо үчүн алдын ала иш-чараларды уюштуруу каралсын. Жол кырсыктарын алдын алуу, айдоочулук күбөлүктөрдүн баркын жогорулатуу, эл арасында үгүттөө иштерин күчөтүү, авто-мектептердин сапатын көтөрүү боюнча жаңы сунуштар иштелип чыксын. Үч айдын ичинде катталып, бети ачылбай калган кылмыштардын бетин ачуу, жаш өспүрүмдөргө карата жасалган зордук-зомбулуктарды алдын алуу багытында иш-чаралар колго алынсын;
Төртүнчү нускама: Милиция формасын кийген ар бир кызматкер элге ак кызмат кылууга, берген антына бекем турууга милдеттүү. Бул милдет, ар бир дүйшөмбү күнү болуп өтүүчү Мамлекеттик Туу көтөрүү менен Гимнди аткаруунун алдында бардык кызматкерлерге дайыма жеткирилип турсун.

WhatsApp Image 2022 04 11 at 07.48.46 Улан Ниязбеков: “Ар бир жаран өзүн коопсуз сезип, күнүмдүк жашоо шартында коркунучу жок аймакта жашоого укуктуу”


Мыйзам бузган, милицияны элге уят кылган, берген антына бекем турбаган кызматкер жазасыз калбайт. Сөзсүз түрдө мыйзам чегинде жооп берет. Аны менен бирге, таалим тарбия бербеген жана көзөмөлдөө иштерин алып барбаган биринчи жетекчиси кошо жоопкерчилик тартат. Өз ичибизден таза эмес кызматкерлерден арылуу иш-чарасы дагы улантылат. Ошондуктан, элге ак кызмат кылып, коомчулуктун алкышына татыган кызматкерлер биздин катарыбызды толукташы керек деген багытта иш алып барылсын. Таалим-тарбия иштери күчөтүлүп, жогорку интеллектуалдуу кадрларды даярдоо – негизги максат катары колго алынсын.
Онлайн режиминде өткөн жыйындын ишине министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

WhatsApp Image 2022 04 11 at 07.48.45 1 Улан Ниязбеков: “Ар бир жаран өзүн коопсуз сезип, күнүмдүк жашоо шартында коркунучу жок аймакта жашоого укуктуу”