Аламүдүн районунда жол кырсыгы катталып, бир аял жабыркады

  Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун Алма-Ата-Чугуева көчөлөрүнүн кесилишинде Ford Mondeo жана Mercedes-Benz 230 үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен 1939-жылы туулган О.А аттуу аял киши жабыркаган.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, бирок куткаруучулар жеткенге чейин жабыркаган жаранды тез жардам кызматы ооруканага алып кеткен.