Бишкекте жол кырсыгынан аял киши жабыркады

Бишкектин Жаш Гвардия бульвары жана Куренкеев көчөлөрүнүн кесилишинде ВАЗ-2107 жана Мерседес-210 үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, кырсыктын кесепетинен бир аял киши(аты-жөнү такталууда) жабыркаган.

“Бирок куткаруучулар жеткенге чейин жабыркаган аялды тез жардам кызматы ооруканага алып кеткен”, – деп айтылат маалыматта.