30-мартта Бишкектин айрым жерлеринде таза суу берүү токтотулат

30-мартта турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү суу берүү саат 9.00дөн 22:00 гө чейин токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельский көчөлөрү, Ала-Арча суусу, Жибек Жолу проспектиси, Ж. Гвардия бульвары, ЧЧК, Саадаев көчөсү чектешкен аймакта, ошондой эле «Красный Строитель», «Ак — Тилек», «Көлмө», «Алтын Бешик», «Салам Алик» конуштарында суу өчүрүлөт.

«Северный» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу суу токтотулат.

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.