Кытайлык компания Орто-Токой чакан ГЭСин курат

Бүгүн, 24-мартта «Чакан ГЭС» ААКнын башкы директору Нурлан Садыков жана «China National Heavy Machinery Corporation» компаниясынын вице-президенти Женг Хансонг ортосунда Орто-Токой чакан ГЭСинин курулушу боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Гидроэлектростанция Орто-Токой суу сактагычында курулат.

«Жалпы кубаттулугу 21 МВт түзгөн үч гидроагрегаттуу Орто-Токой чакан ГЭСинин курулушу өлкөбүздүн суу ресурстарын туура колдонууга мүмкүнчүлүк берет», — деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, Орто-Токой суу сактагычы ― Кыргызстандагы эң алгачкы курулган суу сактагыч. Ал Чүй суусунун агымын жөнгө салып турат жана 120 мин ГА жерди сугарууга колдонулат. Орто-Токой чакан ГЭСинин иштеши сугат иштери менен жөнгө салынат.