Фактчек: талкууга алынган косметолог-депутат кимдин кызы?

Ош шаардык кеңешине 27 жаштагы Жаркынай Пазылова депутат болуп келди. Ал “Биздин Кыргызстан” саясий партиясынан аялдардын квотасынын негизинде Айжан Манап кызынын ордуна мандат алган.

Косметолог болуп иштеген 27 жаштагы Жаркынай Пазылованын жергиликтүү кеңешке депутат болушу социалдык тармактарда талкууга алынды. 

https://www.facebook.com/meerim.abdilajanova/posts/5771673532941566
image 20 6 Фактчек: талкууга алынган косметолог-депутат кимдин кызы?
image 20 8 Фактчек: талкууга алынган косметолог-депутат кимдин кызы?
image 20 7 Фактчек: талкууга алынган косметолог-депутат кимдин кызы?

Айрым интернет колдонуучулар Пазылованын кайсы таасирдүү адамдын кызы же жакын адамы деген суроо салды. Биз жаңы депутаттын артында кимдер турарын текшерип көрдүк. 

Ишкер, косметолог

БШКнын сайтындагы маалыматка ылайык, Жаркынай Пазылова 1996-жылы 9- февралда туулган. Жогорку билимдүү, медицина факультетин бүтүргөн, кесиби косметолог. 

image 2 Фактчек: талкууга алынган косметолог-депутат кимдин кызы?

 Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, Пазылова Жаркынай Кайрыллаевна «Сертификат Класс» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси.

Компанияны негиздөөчүлөрү катары Пазылов Руслан Кайрыллаевич жана Пазылова Алтынай Кайрыллаевна көрсөтүлгөн. 

image 20 Фактчек: талкууга алынган косметолог-депутат кимдин кызы?

XyoQ3s 7JBR5PLVqKtdGLkfPHYjzYJafYOwd10lFSZcui uBflvPI Xj70bWdWitbedIfHaAkmicvRKA9r5nAwDRMXv82c1ZvB UDqPjcLyPUKLtZfrYwcKv YvQEZj123T3RvpqzDaMDtDfo1 ah0 Фактчек: талкууга алынган косметолог-депутат кимдин кызы?

Компания техникалык сыноо жана контролдоо менен алектенери көрсөтүлгөн. 

Бийликке умтулган бир туугандар

Руслан Пазылов депутат айымдын бир тууган агасы экени маалым. Ал 1987-жылы туулган. Ачык булактарда Пазылов эки компаниянын негиздөөчүсү экени жана тапкан кирешесинин 10%ын кайрымдуулукка жумшай турганы айтылат

Руслан Пазылов буга чейин “Кыргызстан” саясий партиясынын тизмесинен Бишкек шаардык кеңешине талапкер болгон.

image 3 Фактчек: талкууга алынган косметолог-депутат кимдин кызы?

Буга чейин Kaktus Media басылмасы жарнамалык макаласында талапкердин Ош шаарынын жана Ош облусунун Самбо федерациясынын вице-президенти экенин жазып чыккан. Ал эми Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, Руслан Пазылов төмөнкү фирмаларга тиешеси бар экенин көрүүгө болот: 

  1. “Сертификат-экспресс” ЖЧКсы, директор Пазылов Руслан Кайрыллаевич, негиздөөчүсү Пазылова Зейнегүл Маматубрагимова. Компания техникалык сыноо жана контролдоо менен алектенет.
  2. “Экспонента Трейд” ЖЧКсы, директор Пазылов Руслан Кайрыллаевич, негиздөөчүлөр: Пазылов Руслан Кайрыллаевич жана Бурханов Айбек Жахангирович. Компания туристтик агенттиктердин башка иштери менен алектенет. 
  3. “Арт Холдинг” ЖЧКсы, директор Азимов Кыялбек Кылычбекович, негиздөөчү Пазылов Шумкар Кайрыллаевич. Ишкана турак-жай жана турак-жай эмес имараттарды куруу менен алектенет. 
  4. “Сертификат-Плюс” ЖЧКсы, Аталган компания дагы техникалык сыноо жана контролдоо менен алектенет. Директору Маматалиева Ибадатхан Таштанбековна, негиздөөчүлөр Пазылов Руслан Кайрыллаевич жана Пазылова Алтынай Кайрыллаевна 

Депутат айымдын дагы бир агасы 1985-жылы туулган Пазылов Шумкар Кайрыллаевич. Ал “Сертификат-Плюс” ЖЧКсында 2007-жылдан 2010-жылга чейин инспектор болсо, 2010-жылдан 2019-жылга чейин мамлекеттик бажы кызматында иштеген

image 21 Фактчек: талкууга алынган косметолог-депутат кимдин кызы?

Пазылов 2020-жылы октябрдагы шайлоого “Ыйман Нуру” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон.

image 4 Фактчек: талкууга алынган косметолог-депутат кимдин кызы?

Бирок партиянын тизмесинен өзү жазган арыздын негизинде кайра чыгарылган

Мындан тышкары, Пазылов 2021-жылы 11-июлда өткөн Ош шаардык кеңешине шайлоодо “Биздин Кыргызстан” саясий партиясынан талапкер болгон. Анда өзүн жумушсуз деп көрсөткөн. 

2021-жылкы шайлоого Пазылов бир тууган карындашы менен бир партиядан шайлоого аттанган.

image 22 Фактчек: талкууга алынган косметолог-депутат кимдин кызы?

Шумкар Пазылов “Фейсбуктагы” баракчасында “Тоо ашкан” курулуш компаниясын ачканын билдирген.

Депутаттын атасы ким?

Депутат Жаркынай Пазылованын атасы Кайрылла Пазылов “Соода-өнөр жай палатасынын Ош облустук бөлүмүнүн” жетекчиси кызматын аркалайт

image 23 Фактчек: талкууга алынган косметолог-депутат кимдин кызы?

Мындан тышкары, ал башка компаниялардын негиздөөчүсү же директору экени маалым: 

  1. “Сертификат Транс” ЖЧКсы, директор жана негиздөөчү Кайрылла Пазылов , соода ортомчулук иш менен алектенет.
  2.  “Южный техосмотр” ЖЧКСы, директор жана негиздөөчү Кайрылла Пазылов, Компания техникалык сыноо жана контролдоо менен алектенет
  3. “Южный испытательный центр”, директор жана негиздөөчү Кайрылла Пазылов, 2013-жылы компания ишмердүүлүгүн токтоткон
  4. “Калибровка-плюс” ЖЧКсы, директор жана негиздөөчү Кайрылла Пазылов, 26.5-топтогу өлчөө, сыноону башкаруу жана навигация үчүн приборлорду оңдоо жана тейлөө менен алектенет. 
  5. “Стандарт-гарант”, директор Эргешова Жылдызкан, негиздөөчүлөр Эргешова Жылдызкан жана Кайрылла Пазылов, колдоо жана техникалык кызматтардын комплекстүү иш-аракеттери менен алектенет. 
  6.  “Южный техосмотр плюс” ЖЧКсы, директор Кайрылла Пазылов, негиздөөчүлөр Жаркынай Пазылова жана Кайрылла Пазылов, компания техникалык сыноо жана контролдоо менен алектенет. 
  7. “Чакан-Таш Цемент” ЖЧКсы, директору  Кайрылла Пазылов, негиздөөчүлөр Жороев Эгемберди Садыкович, Эгешов Курманали Пазылович, Турдумбетов Эрмек Имамадиевич, Шаршекеев Марат Дуйшебаевич жана Кудайбердиев Сайдикадыр Шоокумович. Аталышынан айырмаланып, компания булгарыдан кийим тигүү менен алектенери көрсөтүлгөн. 

Кайрылла Пазылов “Сертификат плюс” ишканасын негиздегенин буга чейин журналистерге ачыктап, Ошко импорттолуп келген жашылча-жемиштерди лабораториядан өткөрүп, сертификат берерин айткан. Ал мамлекеттик бажы кызматында 20 жыл иштегенин билдирген. Белгилей кетсек, Кайрылла Пазыловдун  уулу Шумкар Пазылов дагы бажы тармагында иштеп кеткен.

Биздин редакция Ош шаардык кеңешинин депутаты Жаркынай Пазылова менен байланышып, платформасы жана шаарды өнүктүрүү боюнча иш-планадары, тууралуу интервью алууну сунуштадык.

Бирок депутат айым интервью берүүдөн баш тартып, социалдык тармактардагы сын-пикирлерге да жооп бербей турганын билдирди.

Жыйынтык: Ош шаардык кеңешинин депутаты Жаркынай Пазылова мурдагы бажы кызматкеринин, учурдагы Соода-өнөр жай палатасынын Ош облустук бөлүмүнүн жетекчиси Кайрылла Пазыловдун кызы. Пазыловдун бир тууган агалары дагы буга чейин шайлоого аттанган.

Материал ОшТВ редакциясы менен бирге даярдалды.