«Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясын жаңы шарттар менен улантылат

Мамлекеттик салык кызматы «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясын жаңы шарттар менен улантууда.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, биринчи утуш 2023-жылдын 1-июлунда, экинчиси 30-декабрда болот. Бул жылдагы лотереянын байге фонду 2000ден ашык баалуу байгелерден турат.

«Лотереяда 2376 баалуу байге ойнотулат, анын ичинен 30у башкы байгелер – 10 батир жана 20 электромобиль.

Башкы байгелерден тышкары 1000 даана iPhone 14, 1000 даана Xiaomi смартфону, Дубайга 6 жолдомо (эки кишилик), 300 ноутбук, 40 даана Dyson стайлери ойнотулмакчы.

Лотереянын байге фонду республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын эсебинен түзүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Лотереяга катышуу үчүн товар же кызмат сатып алууда ККМден гана кассалык чекти талап кылуу зарыл. Андан кийин кассалык чекти «Салык чек» мобилдик тиркемеси аркылуу сканерден өткөрүү керек.

Сканерден өткөн жана кабыл алынган деген статусу бар кассалык чектердин суммасы ID номерге алмаштырылат, 1000 сом 1 ID номерге барабар.