12 жылдык мектеп билим берүүсүнө өтүү – жетиштүү ойлонулган чечим, – Надира Жусупбекова

Кыргызстандын 12 жылдык мектеп билим берүүсүнө өтүүсү – жетиштүү ойлонулган чечим. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде өткөн маалымат жыйында Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

img 4983 scaled 1 12 жылдык мектеп билим берүүсүнө өтүү – жетиштүү ойлонулган чечим, - Надира Жусупбекова

Анын айтымында, 12 жылдык билим берүүгө өтүү 2022-жылы эмес, бардык зарыл окуу материалдары иштелип чыккандан кийин жүзөгө ашырылат.

«Кыргызстанда мектепке чейинки даярдоону иш жүзүндө 1-класска кыйынчылыксыз трансформациялоо болжолдонууда, бул толук кандуу 12 жылдык мектеп билим берүүсүн түзөт. Бул – жаштар азыркы 11 жылдык окутуудагыдай эле куракта мектепти аяктайт дегендик. Система мындай өтүүгө даяр – өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу менен соңку бир нече жылда мектептердин астында 4 миңге жакын мектепке чейинки даярдоо классы акырындык менен түзүлүп, жабдылып калган, аларга жыл сайын 5,5 – 6,5 жаштагы 102-107 миңдей бала барат (бул 1-класска барган балдардын жалпы санынын 70 пайыздан ашуунун түзөт).

Мектепке 6 жаштан тартып кабыл алуу бала бакчалардын жүгүн кыйла азайтып, балдардын эрте куракта, мисалы, 2 жаштан тартып бала бакчага баруусуна мүмкүндүк берет, азыр болсо орун жоктугунан мүмкүн эмес болуп жатат. Мектеп окуу программасы жалпысынан жүктү азайтып, 12 жыл аралыгында бирдей кайра бөлүштүрүү жагына кайра каралат. 12 жылдык мектеп келечектеги кесипти тандоого көбүрөөк багытталган.

Бул колледждердеги жана жогорку окуу жайлардагы жалпы билим берүү предметтеринин санын кыскартууга жардам берип, аларга кесиптик блоктордун атайын сабактарына көбүрөөк басым жасоого мүмкүндүк берет», — деди Жусупбекова.