ЖРТнын баасы кымбаттады: Тестирлөө 19-майдан 24-майга чейин өтөт

Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөө 2023-жылы 19-майдан 24-майга чейин өтөт. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Ошондой эле, Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө каттоонун акысы кымбаттады. Бул тууралуу Билим берүүнү жана окутуунун усулдарын баалоо борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.

Анын айтымында, быйыл негизги жана ар бир предметтик тесттин акысы 470 сомду түзөт. Мурда бул сумма 370 сом болчу.

«Бул сумма жакынкы эки жылга белгиленди. Ага тестирлөө үчүн суроолорду түзүү, жеринде тестирлөө жүргүзүү, администраторлордун иши, тест жана каттоо материалдары, сертификаттарды басып чыгаруу кирет», — деди ал.

Маалыматка ылайык, республика боюнча катталуучулардын санына жараша 120 тестирлөө борборлору түзүлөт.

Эскерте кетсек, алдын ала маалымат боюнча Кыргызстанда 69 миң бүтүрүчүү бар.