24.kg сайтынын редактору УКМКга суракка чакыртылды

24.kg маалымат агенттигинин редактору Анастасия Мокренко агенттик жайгашкан RedCentre соода борборуна коюлган бомба боюнча УКМКнын Бишкек башкармалыгына суракка чакырылган.

Маалыматка ылайык, кызматкерди жумуш убактысында редакциядан алып кетишкен. Эч кандай чакыруу кагазы болгон эмес. Бул окуя 2-мартта болгон.

Кошумчалангандай, Мокренко 2023-жылдын 20-январында бир нече басылмалардын редакциясына жардыргыч заттар коюлганы тууралуу маалымат келип түшкөнү күбө катары суракка алынганын билдирген.

Эске салсак, 2023-жылдын 20-январында саат 15:45 чамасында Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын “102” кызматына «Red Centre» соода борборуна бомба коюлгандыгы тууралуу кабар келип түшкөн.