Бишкек ЖЭБинин кызматкерлери митингге чыкты

Бишкек ЖЭБинин кызматкерлери нааразычылык акциясына чыгышты. Чогулгандар ЖЭБдин аймагынын бир бөлүгүн майнинг-ферма ачууга берилип жатканын айтышууда.

«Биз муну токтоткубуз келет. Эки жумадан ашык убакыттан бери кызматкерлер башка жакка көчүрүлөт деген оозеки сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Биз эч нерсе түшүнө албай жатабыз, эч кандай негиздүү себеп жок. Бул жерде 200дөн ашык адам иштейт. Бул иш-чара эмне үчүн башталганы белгисиз», — деди акциянын катышуучусу.

Түшкү тыныгуу бүтүп калгандыктан, бөлүм башчы кызматкерлерди кирип, ишин улантууну суранды.