Алмазбек Атамбаев отурган жериндеги айнек кабинканы буту менен тепкилеген видеосу

Сотто экс-президент Алмазбек Атамбаев отурган жериндеги айнек кабинканы буту менен тээп, сотко нааразычылыгын билдирди.

6-апрелде Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунда 2020-
жылдагы октябрь окуясы боюнча сот отуруму уланган. Ага мурунку президент Алмазбек
Атамбаев, Президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Фарид Ниязов конвойлордун
коштоосунда жеткирилген.


Ошондой эле эркиндикке чыгарылган башка фигуранттар да катышты.


Сот залына айыпталып жаткан саясатчылардын жакындары да чогулган. Бирок тартипти
карап жаткан күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери аларды залга киргизбей, башка бөлмөдө
жана короодо түз эфирде көрсөтүүчү жабдыктар атайын орнотулганын айтышты. Ага
макул болбогон тарапташтар мурда сот залына киргизилгенин айтып, мындан улам күч
түзүмдөрүнүн кызматкери менен тарапташтардын ортосунда чыр башталган.


Бул арада айнек камеранын ичиндеги А.Атамбаев айнекти тепкилеп, күч түзүмдөрүнүн
кызматкерлеринин аракетина нааразычылыгын билдирди. Акырында тарапташтар сот
залына киргизилип, А.Атамбаев тынчтанды.


Жактоочулардын бири ден соолугуна байланыштуу отурумга катышпагандыктан
сот ишти кароону башка күнгө жылдырды.