“Бириккен демократиялык кыймыл” 7-апрелге байланыштуу билдирүү таратты

Оппозициялык “Бириккен демократиялык кыймыл” 7-апрелге байланыштуу билдирүү таратып, 2010-жылдагы окуялары бүгүнкү бийликке сабак болушу керектигин белгиледи.

«Бул күнү курман болгондордун эрдигин эскерүү менен биз, адилетсиздикке жана мыйзамсыздыкка каршы күрөштүн зарылдыгын өзгөчө түшүнөбүз. Бул күнү курман болгон баатырлардын ысымдарын эскерүү менен, биз, бийлик адамдык ар-намысты басмырлап, эркин сүйлөөгө жана аракет кылууга тыюу салып, кугунтуктап, шайлоо жана шайлануу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып, мүлкүнө кол салганда элдин жана ар бир жоопкерчиликтүү жарандын ыйык милдети аны кулатуу экенин баса белгилейбиз», — деп жазылган билдирүүдө.

Аталган кыймылга оппозициялык көз караштагы саясатчылар, укук коргоочулар менен жарандык коомдун айрым өкүлдөрү бириккен. Алар 31-мартта Бишкектеги Горький паркында биринчи жолугушуусун өткөрүп, программасын жарыялаган.

2010-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы демонстрациялар 7-апрелде аяктап, ал бийликтен кулатылган. Нааразы болуп чыккандарга ок атылып, 90дой киши набыт болуп, миңден ашуун адам жаракат алган.