Кыргыз-казак чек арасында оор жүк ташуучу унаалар дагы эле кезекте кармалып турат

Журналист Семетей Аманбеков бүгүн, 7-апрелде кыргыз-казак чек арасындагы кезекте турган оор жүк ташуучу унааларды видеого тартып чыгарды.

Анын айтымында, бул видеодогу фуралар көптөн бери тургандыгы жана алардын ичинде азык-түлүктөр бар экендигин айтат.

“Учурдагы өлкөдөгү оор кырдаалга байланыштуу жана Украинадага согушту эске алганда чек арадагы мындай көрүнүш акылга сыйбай турган нерсе. Мындай окуялар улана берсе, бизге Бажы Биримдигинин кереги барбы деген суроо жаралат”, – деп билдирди ал.

Эске салсак, буга чейин “Ак-Тилек” бекетинде 200гө жакын жүк ташуучу унаа турат деген маалымат тараган. Ал эми “Чоң-Капка” пунктунда 80 унаа, “Чалдыбар” бекетинде 60 унаа,”Кең-Булуңда” 65 унаа токтоп турат. Казак тараптын пунктардан унааларды кое беришинин кечендешинен улам чек арада унаалардын кезеги пайда болууда, – деген билдирүүнү УКМКнын чек ара кызматы тараткан.

Ошондой эле бир күн мурун Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын чек арасын Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн ачуу маселесин оң жагына кароону өтүнгөн.

Касым-Жомарт Токаев Казакстан Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарына бул маселени негиздүү түрдө кароону тапшыра турганын билдирген болчу.