Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы ФИФАнын рейтингинде 95-орунга чыкты

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы ФИФАнын рейтингинде 95-орунга көтөрүлдү. Жаңыланган рейтинг 31-мартта Өзбекстанда өткөн Navruz Cup эл аралык турниринин жыйынтыгы боюнча жарыяланды.

Наманганда Кыргызстандын курама командасы эки беттеш өткөрүп, Өзбекстан (1:3) жана Тажикстанга (0:1) утулуп калды. Жаңыланган рейтингде Кыргызстандын курама командасы 1218 упай менен 95-орунга көтөрүлдү.

1337069.7f1fdd8bcf6cd3a4a21ee5a3e244963b Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы ФИФАнын рейтингинде 95-орунга чыкты