Кыргызстанда медициналык 7 окуу жайдын лицензиясы жокко чыгарылмакчы

Саламаттык сактоо министрлиги медициналык 7 окуу жайдын №6 формасын (клиникалык базасы жана медициналык жабдуулары тууралуу документ) жокко чыгаруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, менчик медициналык ЖОЖдордун клиникалык базасын анализдөөнүн жыйынтыгында 17 окуу жайдын ичинен сегизинде гана студенттерге практика өтүүгө шарт түзүлгөнү белгилүү болду. Калган тогуз билим берүү жайында шарт анча эмес болсо, кээ биринин бул талапка таптакыр жооп бербей турганы аныкталган.

№6 формасы жокко чыга турган окуу жайлар:

  • Ош эл аралык медициналык университети;
  • Кыргыз медико-стоматологиялык институт;
  • «Роэль Метрополитен университети»;
  • «Авиценна» эл аралык медициналык институту;
  • «АВС» академиясы;
  • Бишкек эл аралык медициналык институт;
  • Медицина жана илим эл аралык университети.

Мындан сырткары буга чейин форма №6ны албаган “Адам” университети, Илим жана бизнес эл аралык институту жана Бишкек финансы-экономика академиясына байланыштуу Билим берүү министрлигине кайрылды.