Кыргызстанда быйыл 11-классты 67 миң 45 бүтүрүүчү аяктайт

Өлкөдө быйыл 11-классты 67 миң 45 бүтүрүүчү аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-классты 106 219 бүтүрүүчү аяктап жатат. Быйылкы окуу жылы 15-сентябрда башталганына байланыштуу сабактар 8-июнда аяктайт.

Эске салсак, 2020-2021-окуу жылында 9-классты 104 313 бүтүрүүчү, 11-классты 62 777 бүтүрүүчү аяктаган.