Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы экологияны коргоого үндөгөн клип тартышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан 2022-жыл- Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыяланды. Ушундан улам, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясы «Жер энени сактайлы» аталышындагы клипти даярдап чыгарышты.

Клиптин негизги максаты – бүгүнкү күндө адамдар жеке кызыкчылыктарын жогору коюшуп, жаратылышыбызга орду толгус зыян келтирип жаткандыгына багытталган. Ошондой эле, айлана чөйрөбүздү келечектеги муунга сактап калуу үчүн, бүгүнкү күндөн баштап, биримдикте аракет көрүү чакырыгы да камтылып кеткен.

Облустук милициясынан билдиришкендей, клиптин негизги максаты — бүгүнкү күндө адамдар жеке кызыкчылыктарын жогору коюп, жаратылышка орду толгус зыян келтирип жаткандыгына багытталган.

Ырчы Тата Улан өзүнүн музыкалык чыгармасын клипте колдонууга уруксат берген. Ырдын сөзү жана клиптин сценарийи облустук милициянын басма сөз кызматы тарабынан даярдалды. Ырды К.Карасаев атындагы “Сапат” лицейинин 5-классынын окуучулары Жасмина Асматова менен Нурэл Мамбеталиев аткарды.

89aafe9b 4863 4f31 93fc 957a9106f49a Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы экологияны коргоого үндөгөн клип тартышты

“Бул клип менен биз адам менен табияттын биримдигин, айлана-чөйрөбүз менен болгон байланышыбызды аңдап билүүгө, мекендештерибизди чакыргыбыз келет. Биздин клип кимдир-бирөөлөрдү алгылыктуу иш-аракеттерге шыктандырса, кимдир-бирөөлөрдү терең ойго салат деп чоң ишенич кылып жатабыз. Сейрек кездешүүчү жаныбарлардын түрлөрүн, токойлорду сактоо, таштандыларды кайра иштетүү, айлана-чөйрөнү коргоо — кайсы жерде жашап, кайсы жерде иштегенине карабастан, түздөн-түз адамдарга тиешелүү болот”, — деп айтылат маалыматта.

YouTube video