Боршайком Абдыбахаб Боронбаевге Жогорку Кеңештин депутатынын мандатын тапшырды

Бүгүн, 1-апрелде Боршайком Абдыбахаб Боронбаевге Жогорку Кеңештин депутатынын мандатын тапшырды.

Боронбаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болгон Бакыт Төрөбаевдин ордуна депутат болуп келди.

Абдыбахаб Боронбаев 1968-жылы 26-мартта Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Тельман айылында туулган. Жогорку билимдүү. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук унивеститетин «чарба жумуштары боюнча бухгалтердик учет жана анализ» адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1993-1995 ― Кара-Суу керектөөчүлөр союзунда товар боюнча адис;
  • 1996-2010 ― Мамлекеттик бажы кызматында ар түрдүү кызматтарда эмгектенген.

Белгилей кетсек, 2020-жылы “Азаттык” радиосу жана бир нече эл аралык медианын журналисттери кыргыз бажысындагы миллиондогон каражатты кымырган схемаларды аныктап чыгышкан. Иликтөөлөрдө аты аталган Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов камалып, мамлекеттке 2 млрд. сом төгүп кайра бошотулган.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) бажыдагы коррупция боюнча Райымбек Матраимов менен чогуу коррупциялык схема уюштурган деп 38 бажы кызматкерине кылмыш иши козголгонун билдирген.

Бажыдагы коррупция боюнча кылмыш ишинде тергөө менен кызматташууга барган Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов, Түштүк-Батыш бажысынын мурдагы башчысы Нурлан Ражабалиев, Түштүк-Чыгыш бажысынын мурдагы башчысы Абдыбахаб Боронбаевдер күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыпка жыгылган. Анда Боронбаев 8 млн. сом акча каражатын бюджетке төгүп берген.