Нуржигит Кадырбеков: “Доллардын курсу төмөндөгөнү менен азык-түлүктүн баасы арзандабай жатат”

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков жалпы жыйында сөз сүйлөп, АКШ долларынын курсу төмөндөп, мурунку калыбына келгени менен, бирок курска байланыштуу кымбаттаган азык-түлүктүн баасы арзандабай жатканын айтып, себебине кызыкты.

«Өткөндө доллар көтөрүлдү деп чукул арада, көз ирмемде товарлардын баалары өстү. Өзгөчө биринчи керектеле турган азык-түлүктүн баасы. 105 сомго чыккан доллар кайра мурдагы калыбына келип, 85 сомго түштү. Бирок товарлардын көпчүлүгү арзандабай кала берди. 

Антимонополия агенттигине тапшырма берели, керек болсо кат жөнөтөйүн. Баалар бат көтөрүлөт, бирок качан болсо арзандашты унутуп калат, эмне үчүн?» — деди депутат.