Кара-Сууда баасы 320 миллион сом болгон 127 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Ош облусунун Кара-Суу районунда баасы 320 миллион сом болгон 127 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, 2016-жылы Шарк айыл аймагынын Ачы массивиндеги айыл чарба багытындагы 127 гектар аянтты түзгөн жер райондук “Кадастр” ишканасынын жооптуу кызматкерлери тарабынан менчикке мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча учурунда прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, жер тилкесине мыйзамсыз берилген укук күбөлөндүрүүчү жана укук тастыктоочу документтерди жараксыз деп табуу жөнүндө сотко доо арыздар келтирилип, толук канааттандырылган.

“Райондук көзөмөл органы тарабынан Шарк айыл өкмөтүнө прокурордук чара көрүү актысы келтирилип, аны кароонун жыйынтыгы менен баасы 320 миллион сомду түзгөн 127 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды“, – деп билдиришти Башкы прокуратурадан.