Көлдөн келаткан кичиавтобуска шамалдан улам бак кулады

Ысык-Көлдөн семинардан келе жаткан Бишкек жана Ош шаарынын депутаттары отурган кичиавтобуска шамалдан улам бак кулады.

Бишкек шаардык кеңешинин басма сөз катчысы Мээрим Керимканованын айтышынча, кырсык Аламүдүн районундагы ГЭС-5 конушунда болгон, жабыркагандар жок.

Кыргызгидромет 29-мартта күндүн экинчи жарымында Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болору тууралуу шашылыш кабар тараткан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 29-марттан 2-апрелге чейин Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүшү мүмкүн экенин билдирип, унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого чакырууда.