Прокурор Next TV телеканалынын ишин токтотуу сунушун атайын кызматтарга берди

Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Next TV” телеканалынын Кыргызстанда көрсөтүүсүн токтотуу боюнча Башкы прокуратуранын арызын кароодо.

Тараптар талкууга киришти. Мамлекеттик айыптоочу тарап Башкы прокуратуранын бардык жүйөлөрү сотто тастыкталды деп эсептейт.

«Адистер жазуу жүзүндөгү жана оозеки түшүндүрмөлөрүндө да чагылдырылган. Next TV телеканалынын Фейсбук жана Инстаграмдагы жарыялоосун экстремисттик деп эсептейбиз. Ошондой эле телеканалдын Кыргыз Республикасынын аймагындагы ишмердүүлүгүн токтотууну, ошондой эле өлкөнүн башка ресурстарында медиа продукцияны таратууга тыюу салууну суранабыз.

Соттун чечимин аткарууну УКМКга, Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматына жана интернет провайдерлерине тапшырууну суранабыз», — деди прокурор.