Талас шаарында милиция окуучуларга футбол уюштурду


Бүгүн, 25-март күнү Талас ШИИБнин балдар менен иштөө инспекциясы тарабынын Талас шаарынын окуучулары арасында футбол боюнча мелдеш өткөрүлүп жатат. Мелдешке 9 мектеп жана 1 лицейден турган курама командалар катышууда. Оюндун башталышында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни ойнотулуп, Талас шаарынын вице-мэри Сейдикеримова Мира сөз сүйлөп, Талас ШИИБнин начальниги милициянын полковниги Тантиев Асрол балдарга каалоо тилектерин айтты.

Бул иш-чара балдар арасында кылмыштуулуктун жана укук бузуучулуктун алдын алуу максатында болуп жатканын белгиледи. “Спорт-ынтымакты бекемдейт, достук мамилеге өбөлгө түзөт”- деди өз сөзүндө. Топтошуп мушташуу, зордук зомбулук аракеттерине барган адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылат жана ага шаардык тартип сакчылары жол бербээрин эскертти.

WhatsApp Image 2022 03 25 at 13.08.18 Талас шаарында милиция окуучуларга футбол уюштурду

Балдар менен иштөө инспекциясы дайыма бекитилген мектептерде профилактикалык иштерди социалдык педагогдор менен биргеликте жүргүзөт. Ар кандай багытта атайын даярдалган лекцияларды окуп, түшүндүрүү иштерин алып барышат.
Милиция кызматкерлеринин демилгеси менен жана шаар тургуну Урмат Атагелдиевдин демөөрчүлүк колдоосу менен кубок, диплом, грамота жана башка белектер даярдалды.

WhatsApp Image 2022 03 25 at 13.08.19 Талас шаарында милиция окуучуларга футбол уюштурду
WhatsApp Image 2022 03 25 at 13.08.17 1 Талас шаарында милиция окуучуларга футбол уюштурду
WhatsApp Image 2022 03 25 at 13.08.16 Талас шаарында милиция окуучуларга футбол уюштурду
Талас


Талас ОИИБнин басма сөз кызматы