“Алмазбек Исманкуловдун Көздүн микрохирургиясына” мөөр басылды

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын жана Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү №6 көп тармактуу оорукананын экинчи корпусунда жайгашкан “Алмазбек Исманкуловдун Көздүн микрохирургиясына” мөөр басышты.

Бул тууралуу Вulak.kg редакциясына клиниканын администрациясынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, аталган клиниканын кире беришиндеги темир тосмосуна мөөр басылган.

«Медициналык борбор бейтаптарды кабыл алып, кадимки тартипте иштеп жатат»,-деп билдиришти аталган клиниканын администрациясы.