«Башкы прокурор ким өзү? Мен бир гана элдерге баш ийем», — Алымкадыр Бейшеналиев

«Башкы прокуратуранын чечими туура эмес, адилеттүү болуш керек. Мен бардык таластыктарды айткан эмесмин, мен бир гана Жумабековду гана айтканмын. Мен аны кандай айтышым керек эле? Чикаго, деп айтуу керекпи?”, – деди министр Башкы прокуратуранын чыгарган чечимине.

Министр белгилегендей, ага карата каршы арыз жазган журналист кыз Акылай Маратова өзүнө пиар кылуу максатында жасап жатканын белгиледи.

«Баары эле жарнама жасагысы келип жатышат. Башкы прокурор ким өзү? Мен ага кечээ эле айткам. Мен бир гана элдерге баш ийем», — деди Бейшеналиев.

«Мага эбак эле кабминден сөгүш беришкен, демек, мен аларга жолтоо болуп жатам. Алар мени кызматтан алгылары келип жатышат. Бирок мен токтоп калбайм, иштерди аягына чейин чыгарышым керек. Мени Башкы прокуратура же болбосо депутаттар кызматтан алып коюшу мүмкүн», —деп баса белгиледи министр.

Эске салсак, буга чейин Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге этикага жатпаган жүрүм-туруму боюнча эскертүү берген.