Исламбек Кыдыргычов Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Исламбек Кыдыргычов Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Бүгүн, 25-мартта финансы министринин биринчи орун басары Илияз Иманбетов Салык кызматынын төрагасынын жаңы орун басарын жамаатка тааныштырды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын башка буйругуна ылайык, Руслан Суйналиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.

Белгилей кетсек, Кыдыргычов бул кызматка дайындалганга чейин президенттин Администрациясында эмгектенип, салык жана бажы саясаты маселелерин жетектеген.