Нарын районунда ысырапкерчилик боюнча түшүндүрүү иштери уланууда

Нарын районунда ысырапкерчилик боюнча түшүндүрүү иштери уланууда

Нарын РИИБнүн жетекчилиги жана Нарын райондук жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгын элге жеткирүү боюнча районун аймагындагы айыл тургундары менен жолугушуп түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

4f382451 3d8d 453b 8e6d a87d6d07b0df Нарын районунда ысырапкерчилик боюнча түшүндүрүү иштери уланууда

Ошондой эле 2022-жылдын 16-март күнү Нарын районуна караштуу Ак-Талаа айылындагы Ж.Мамбетов атындагы орто мектебинин жыйындар залында аталган орто мектептин окуучулары тарабынан даярдалган “Адепсиздиктин арты-кылмыш, кылмыштын акыры-жаза” аталышындагы театрлаштырылган оюн-зоок, театр-форум өткөрүлдү.

Андан соң иш-чара Эмгек-Талаа айылындагы Керимбай уулу Сарыбай атындагы орто мектебинде улантылып, “Үй бүлөнүн бейпилдиги, мамлекеттин тынчтыгы” жана ” Келечегиңди ойло, 18 жаштан кийинки никени танда” деген темада окуучулар тарабынан ачык сабактар өткөрүлдү.

Ачык сабактын жүрүшүндө эрте никеге турууну болтурбоо үчүн окуучулар тарабынан суроолор берилип, ага күч органдары жеткиликтүү толук жана так маалымат берип өтүштү.

Жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун алдын алуу жана болтурбоо, ата-энелерге келечек муунга туура таалим-тарбия берүү, жаштардын билим алуусуна өзгөчө көңүл буруу боюнча Нарын райондук ички иштер бөлүмү кененирээк токтолуп, ар тараптуу суроолорго жооп беришип иш-чара өз деңгээлинде кызыктуу өткөрүлдү.

WhatsApp Image 2022 03 18 at 14.08.46 Нарын районунда ысырапкерчилик боюнча түшүндүрүү иштери уланууда

Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы