Австралия, Япония жана Жаңы Зеландия Орусияга жаңы санкцияларды салды

Япония, Австралия жана Жаңы Зеландия Орусиянын Украинага кол салганы үчүн Москвага каршы жаңы санкцияларды салды. Чектөөлөр Орусиянын президенти Владимир Путин баштаган орус аткаминерлерди, олигархтарды, мамлекеттик карыз менен иштеген өкмөттүк мекемелер жана орусиялык банктарды камтыды.

Япон Тышкы иштер министрлиги санкция 15тей адамга жана 9 уюмга киргенин маалымдады. Тизмеде кишилерден Орусиянын тышкы иштер, Коргоо министрлигинин, Мамлекеттик Думанын жана башка мекемелердин өкүлдөрү, ишканалардан “Рособоронэкспорт”, “Вертолеты России”, “Объединенная авиастроительная корпорация” жана башкалар бар.

Австралия Орусиянын Каржы министрлиги менен Улуттук бакубаттуулук фондуна жана 11 банкка каршы санкция кабыл алды. Алардын ичинде “Сбербанк”, “Газпромбанк”, ВЭБ, ВТБ, “Россельхозбанк”, “Совкомбанк”, “Новикомбанк”, “Альфа-банк” жана Москва Кредиттик банкы бар.

Жаңы Зеландиянын Орусияга каршы санкциялар пакетине президент Владимир Путин, премьер-министр Михаил Мишустин, тышкы иштер министри Сергей Лавров, коргоо министри Сергей Шойгу кирди.