Кооперативдин жетекчиси кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды, – деп билдирди бүгүн, 18-
мартта Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы.


Жабырлануучунун айтымында, коммерциялык эмес кооперативдердин биринин
директору чет өлкөдөн жүк ташуучу унаа алып берем деп 12-март күнү андан 600 миң
сом алып кеткен. Бирок убадасын аткарган эмес.
Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен
кылмыштардын бирдиктүү реестрин катталды.


Ленин РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1982-жылы
туулган Х.И. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Иликтөө учурунда ушундай эле алдамчылык фактылары боюнча кармалган жаранга
дагы алты арыз түшкөнү белгилүү болду.