Өндүрүш Токтонасыровду сот кыргыз тилиндеги көрсөтмөсүнөн баш тартты

Өндүрүш Токтонасыровду сот кыргызча көрсөтмө бергендигине байланыштуу аны укпай койду.

Сот адегенде активисттен кайсы тилде көрсөтмө бересиз деген суроосуна Токтонасыров орусча көрсөтмө бере албастыгын айткан. Жактоочу Нурлан Токтакунов да буга дароо реакция кылып эмне себептен кыргызча көрсөтмө албай жатканын сураган.

Борбордун Биринчи Май райондук соту күбөлөрдөн кыргыз тилинде көрсөтмө алуудан баш тарткандыгы үчүн катуу сынга кабылууда.

Эске салсак, укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулованы 17-мартта эртең менен милиция кармап кеткен.

Алар айрым жарандык активисттер, укук коргоочулар менен чогуу Украинадагы согушка каршылык билдирип, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына пикетке чыгышкан. Аларды милиция кармап кетип, суракка алган.

Андан кийин райондук сотко жеткирилип, жараян жылган соң үйлөрүнө кетишкен. Сот Токтонасыров менен Абдирасулованын ишин 22-мартка белгиледи.